У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдөн Бишкекке кыз ала качып кеткен жаран колго түштү


Бишкек шаарында кызды ала качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 23:40 чамасында 102 кызматына эркине каршы кызды ала качып кетишкен деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсин эркине каршы чала тааныш жаран достору менен Ыссык-Көлдөн никеге туруу максатында Бишкек шаарына ала качып келгенин жазган.
Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат билдирүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter