У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токойдо жоголгон 3 жашар наристе үч күндөн кийин тирүү табылган


 Канаданын Онтарио штатындагы Кингстон шаарынын жанындагы токойдо үч жаштагы бала жоголуп, үч күндөн кийин тирүү табылды. Бул тууралуу Global News билдирет. 
 
Маалыматка ылайык, 28-март, жекшемби күнү 3 жаштагы Жуд Лейтон үй-бүлөсүнө тиешелүү аймактан чыгып кеткенине байланыштуу адашып кеткен.
 
Полиция жана куткаруучулар иттерди, тик учактарды жана суучулдарды колдонуп баланы издөө иштерин уюштурушкан. Издөө иштери жакынкы токой жана суу объектилеринде жүргүзүлдү.
 
31-март, шаршемби күнү түштөн кийин, полиция издөө тобунун саны кыскарганын жарыялагандан бир саат өткөндөн кийин, укук коргоо органдарынын төрт кызматкери баланы табышкан. Лейтон акыркы жолу аларга тиешелүү аймактан бир чакырым алыстыктагы көлмөнүн жанында уктап жаткан.
 
Тез жардам кызматынын дарыгерлери баланы текшерип, ооруканага жеткиришкен. Баланын абалы канааттандырарлык болгон.
 
Жамгырда жана суукта 72 сааттан ашык жапайы жаратылышта жүрүп, баланын тирүү калганына полиция кызматкерлери таң калган. Алар бала аба ырайына ылайык кийингенин белгилешти: ал кышкы куртка жана жүндөн токулган жемпир кийип жүргөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter