У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан айыкканын белгилегени аквапаркка барган өспүрүм сууга чөгүп каза болду


 Мексиканын Плайя-дель-Кармен шаарындагы «Xensess» аквапаркында ата-энеси менен коронавирустан айыкканын белгилеп жаткан өспүрүм суу чыпкасына тыгылып, чөгүп кеткен. Бул тууралуу «The Sun» басылмасы билдирди. 
 
27-март, ишемби күнү 13 жаштагы Леонардо Луна Герреро ата-энеси жана үч бир тууганы менен коронавирус илдетинен сакайып кеткенин белгилөө үчүн аввапаркка барган. 
 
Сууга түшүп жаткан учурда өспүрүмдүн буту суу чыпкасына тыгылып калган, ал аны суу астына тарта баштаган. Алгач, үй-бүлө Леонардо аларды тамашалап сууга чөгүп жатат ойлошкон, бирок көп өтпөй бул оюн эмес экени белгилүү болгон. Баланын атасы, кардиолог Леонардо Мигель Анхель Луна Калво уулун сактап калууга жан үрөп аракет кылган, бирок натыйжа болгон эмес.
 
Өспүрүм чыпкадан чыгарылгандан кийин, атасы ага жасалма дем алдырган. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер тез арада аны ооруканага жаткырышкан. Бирок, эртеси ал сууга чөгүүдөн башталган өпкөнүн кан агуусунан улам ооруканада көз жумган.
 
Парктын жетекчилиги Герреронун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең өкүнүчүн билдирген билдирүү жарыялаган. Алар парктын иштегенине 30 жылдан ашканын, мындай учурлар катталбаганын айтышкан.
 
Кийинчерээк өспүрүмдүн өлүмүнө эс алуучу жайдын кызматкеринин кетирген катасы себеп болгонун такташкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter