У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боом капчыгайындагы унаа жолу таштарды түшүрүү иштерин жүргүзүү үчүн беш күн жабылат

 
Боом капчыгайынын Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу көчкү коркунучун жараткан таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүү үчүн 5-апрелден 9-апрелге чейин убак-убагы менен жабылат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдады. 
 
Мекеменин маалыматына ылайык, тазалоо иштери жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 117-118-чакырымдарында жана темир жол өткөн 3885-3886-чакырымдарда кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
 
Кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрүп жаткан учурда унаа жолу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан толугу менен жабылат. 
 
Ошондуктан мамлекеттик ишкана жолго чыгууну алдын -ала пландаштырууну өтүнөт. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter