У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр: "1-июндан баштап медицина кызматкерлеринин маянасын 40 пайызга көтөрөбүз"


1-июндан баштап медицина кызматкерлеринин маянасын 40 пайызга көтөрүп баштайбыз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" маек берип жаткан учурда айтты.

"Биз 1-июндан баштап медицина кызматкерлеринин маянасын 40 пайызга көтөрүп баштайбыз. Бул базистик көтөрүү. Жакшы иштегендер 15-20 миң сомдон ала баштайт", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары Кытайдан жана Орусиядан коронавируска каршы вакцинаны гуманитардык жардам катары алуу пландалууда. Кытайдан алгачкы вакцина келип түштү. Бир эле өлкөнүн вакцинасын алууга болбойбу деген суроо берилди.
Анда министр: "Биздин элге азыркы кезде 3 жарым миллион вакцина керек. Аны бир дагы өлкө гуманитардык жардам катары бере албайт. Экинчиден, учурда 1 миллион вакцина алуу үчүн акча издеп жатабыз", - деп жооп берди министр.
Ошондой эле министр калкты социалдык аралыкты, санитардык талаптарды аткарып, бет кап тагынып, калкты коронавирус илдетинен сак болууга чакырды.

"Бет кап тагынууда кооптонууга негиз жок. Себеби биз бет капты сатууга уруксат берген учурда текшерүүдөн өткөрөбүз.
Учурда ар бир райондо коронавирус илдети менен жабыркаган канча бейтап бар болсо, дарылана турган орундар бар. Мындан сырткары бир-эки айга жете турган дары-дармектердин запастары бар", - деп кошумчалады ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter