У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы түзүлдү. Курамга кимдер кирди?..

 Сотторду тандоо кеңеши өз ишин баштады, бирок жаңы курам менен. Сотторду тандоо кеӊешинин биринчи отурумун кеңештин улук мүчөсү Болоткан Дүйшөналиев ачты. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку соттун судьясы Шералы Камчыбеков бир добуштан төрагалыкка шайланып, Лунара Жолдошева анын орун басары болуп шайланды.
 
Эске салсак, Соттордун тандоо кеӊешинин курамы тогуз мүчөдөн турат. Ал Судьялар кеңеши тарабынан бекитилген судьялардан, парламенттик көпчүлүк тарабынан шайланган жарандык коомдун өкүлдөрүнөн жана Жогорку Кеңештин парламенттик оппозициясынан түзүлөт.
 
Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы:
-  Элмира Барыктабасова; 
- Мирад Динеев; 
- Болоткан Дүйшөналиев; 
- Лунара Жолдошева; 
- Шералы Камчыбеков; 
- Динара Качкыналиева; 
- Бактытбек Сатылганов; 
- Жолдошбек Сулайманов. 
 
Эске салсак, Сотторду тандоо кеӊешинин жетекчиси жана анын орун басары бир жылдык мөөнөткө шайланат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter