У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аксы районунда мектеп окуучусу төрөдү. Ата-энеси кыздын кош бойлуу экендигин билген эмес


 Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 7-класстын окуучусу төрөдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу маалымат каражаттарына билдирди. 
 
 Анын айтымында, мектеп окуучусу бүгүн, таӊы саат 4: 00дө жергиликтүү ооруканалардын биринде көз жарган.
 
Талант Эмилбек уулу кыздын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мектептеринин биринде окуй турганын, анын мыкты окуучу экенин, олимпиадаларга катышып жүргөнүн, ал кош бойлуулуктун акыркы мөөнөтүнө чейин мектептке барганын, өспүрүмдүн ата-энеси дагы, мугалимдер дагы анын кош бойлуулугун билбегенин кошумчалады. 
 
Бул факты Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси («Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») менен катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 
 
Эне менен баланын абалы канааттандырарлык.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter