У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 4-апрелде жолдор жабылып, веложүрүш өтөт


Бишкекте 4-апрель, жекшемби күнү айрым негизги автожолдор убактылуу жабылат.

Мэриянын маалыматына караганда, бул күнү быйылкы жылдын алгачкы веложүрүшү уюштурулат.
10 чакырымдык жүрүш Ден соолук паркынан башталып, Ч.Айтматов, А.Масалиев, А.Токомбаев, Н.Жетикашкаев жана А.Токтоналиев көчөлөрү аркылуу уланат жана кайра ошол эле жерден жыйынтыкталат.

Велосипедчен жүрүшкө чыккандардын коопсуздугун эки “Тез жардам” бригадасы жана жол коопсуздугу боюнча кызматкерлер камсыз кылышат.
Былтыр 27-сентябрда коронавируска байланыштуу кырдаал начарлап жаткандыктан Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата пландалган веложүрүш өтпөй калган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter