У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалдагы балдар ооруканасынан дарыланган бейтап каза болуп калды


Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрылган бейтап каза болду. Окуя түндө орун алганы, бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып антибиотик алгандан кийин көз жумганын "Кактус" маалымат каражаты жазып чыкты.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан окуяны тастыкташты.

Учурда бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзүлөт дешти министрликтен.
Алдын ала маалыматка ылайык, болжол менен 45 жаш чамасындагы жаран аталган оорукананын ЛОР бөлүмүнө кайрылган. Бейтап жандандыруу бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Кийинчерээк жерине милиция кызматкерлери чакыртылып, маркумдун жансыз денесин өлүкканага алып кетишкен.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter