У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Бакубат Талас» фонду илдетти аныктоочу тесттерди алууга 6 млн сом бөлөт


ОсОО «Алтын Альянс» тарабынан түзүлгөн «Бакубат Талас» бакубаттуулук фонду жергиликтүү калкты колдоо максатында 6 млн сомго Талас ооблусуна коронавирус илдетин аныктоочу атайын тест алып берет. 

Бул туурасында «Алтын Альянстын» башкы директору Шайлообек Таиров: «КР аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте илдеттин таркалышын алдын-алуу боюнча Талас облусунда иштерди жүргүзүп жатабыз. Бугүнкү күндө вирусту аныктоочу тесттердин жетишсиздигине байланыштуу, бөлүнгөн каражаттар тест алууга жумшалат», - деп айтты 

Мындан сырткары, «Да-Мир» коомдук бирикменин «Бирге коронавируска каршы» долбоорунун ыктыярчыларына материалдык жардам катары 140 миң сом бөлүнөт. 

Буга дейре, Талас облусунун врачтарына «Алтын Альянс» компаниясы тарабынан 11 миӊ маска, 200 вирустан коргоочу атайын формалар, антисептик сыяктуу керектүү каражаттар берилген болчу. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter