У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаман вирус жукту деп шектелип жаткан бөбөктүн анализи таза чыкты


Коркунучтуу вирус жукту деп шектелип жаткан бөбөктүн анализи таза чыкты.  Бактыга жараша вируска шектелген бөбөктүн анализинен коронавирус аныкталган эмес.  Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. 

Анын айтымында бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат аймактык ооруканаларында жатат.

Буга чейин жаңыдан вирус жуктуруп алган 26 адам Ош жана Жалал-Абад областтарынан катталганы маалым болгон. Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы төрт адамдан алдын-ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылган.

Маалыматты жайгаштырган Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter