У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мышыктар менен чогу жашаган 3-4 жашар кыз табылды -видео

Россиянын Талдом шаарынан мышыктар менен чогу жашаган 3-4 жашар кыз табылды. Кызды милиция кызматкерлери табышкан. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына таянып «Gazeta.ru» жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, Талдом шаарында милиция кызматкерлери шектүү адамды кармоого аракет кылышкан. Шектүү алардан качууга аракет кылып Салтыкова-Щедрина көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине терезе аркылуу качып кирген. Шектүүнүн артынан үйгө кирген милиция кызматкерлери кийими жок, сүйлөй жана баса албаган 3-4 жашар кызды табышкан. Кыз өтө арык жана каралбай калган. Ал мышыктар менен чогу жашагандыктан «кис-кис» деген чакырууга гана жооп берген. Ал эми үйдө эч кандай санитардык шарттар болгон эмес. Кыз саламаттыкты сактоо мекемесине жеткирилген.
 
Милиция кызматкерлери үйдө кыз менен бирге 65 жаштагы киши жана 19 мышык жашаганын айтышкан. Ал эми кыздын апасы үйдө жок болгон. 
 
«Наристенин үстүндө эч кандай кийим-кечеси болгон эмес. Керек болсо бала уктай турган төшөк да жок болгон. Ал эми санитардык шарттар туурасында сөз кылбай эле коелу», -деп билдирген милиция кызматкерлери.  
 
Балдардын Акыйкатчысы Ксения Мишонова РИА Новостиге билдиргендей, кыздын энеси 2018-жылы эле кичүү кызын өзү менен чогу жашаган дачасында жашаган жаранга таштап кеткен. Ал жумасына бир гана жолу кызынан кабар алганы келип турган. Өзү улуу кыз аны менен Москвада жашачу. Бирок кыздын энеси ал үйдө да жок болгон. Милиция кызматкерлери аны башка жерде жүргөн жеринен таап келген. 
 
Кийинчерээк белгилүү болгондой кыз 2015-жылы туулган. Ал 5-6 жашта болгон. Учурда кыз да, кыздын эжеси да дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды. 
 
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кыздын апасы менен 65 жаштагы жаран кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter