У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дөөлөт Сыдыков Ош шаарындагы үч күндүк манас айтуусун жыйынтыктады


Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарында үч күндөн бери  манас айтып жаткан, аталган иш-чара 21-мартта жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаар тургундары катышып, манасчы Дөөлөт Сыдыковго жакшы тилектерин айтышты. 

Мэр Дөөлөт Сыдыковго күч-кубат тилеп, ар дайым Манасты даңазалап, кыргыздын улуулугун даңктап жүрө беришине тилектеш экендигин билдирди. Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жеке үй-бүлөсүнүн атынан акчалай сыйлык тапшырып, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Белгилей кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн өткөн жылы 13-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында тыным албай 14 саат 27 мүнөт манас айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter