У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөндө адам өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири кармалды


 Ош облусунун Өзгөн районунда оор кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү)  боюнча Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана Өзгөн РИИБ тарабынан өзгөчө оор кылмыштын бетин ачууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
 
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка катыштыгы бар деп шектелген Өзгөн районунун тургуну 24 жаштагы Х.А. кармалды. Ал Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 
 
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча дагы тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
 
Буга чейин ички иштер органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө Дөӊ-Булак айыл аймагынын аймагында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа табылгандыгы, куралдар жана октор табылганы айтылган. 
 
Такталган маалыматтар боюнча, ок атуудан каза болгондордун бири, 31 жаштагы М.Ш., уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган.
 
Эске салсак, кылмыш 18-марттан 19-мартка караган түнү жасалган. Ленин көчөсүндө Honda Inspeier унаасында отурган - 31 жаштагы М.Ш., 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А.га белгисиз адамдар келип, ок чыгарышкан. Алган жараткаттарынан улам  экөө ооруканага жетпей каза болушкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter