У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын жазык иши боюнча Бишкек шаардык соту тарабынан өкүм чыкты


 Ушул жылдын февраль айында Бишкек шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-бер. 2-б. 3,15-п.п. (өзгөчө мыкаачылык жана барымтага алуу менен коштолгон адам өлтүрүү) боюнча күнөлүү мурда бир нече жолу соттолгон “К.С.” аттуу жарандын жазык иши каралып бүттү.
 
2020-жылдын 17-июнунда болжол менен саат 19:40 чамасында “К.С.” Бишкек шаарынын Ден Сяопин-23 дарегинде жайгашкан “Торо” аттуу тез тамактануу ашканасынын ичинен “М.Дж. кызынын” денесинин ар кайсы жерине өзгөчө мыкаачылык менен бир нече жолу бычак менен сайып, ден соолугуна оор жаракат келтирген. Алган жаракаттарынан улам “М.Дж. кызы” өзүнө келбей, эртеси күнү Бишкек шаарынын 4-шаардык бейтапкананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
 
Тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-бер. 2-б. 3,15-п.п. боюнча “К.С.” шектүү жөнүндө кабарлама берилген.
 
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен “К.С.” Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-бер. 2-б. 3,15-п.п. боюнча күнөөлүү деп табылып 15-жылга эркиндигинен ажыратылган. Райондук сот тарабынан айыпталуучуга карата дайындалган жаза жеңил болгондуктан, аталган өкүм менен макул болбой, прокуратура органдары жана жабырлануучу тараптан Бишкек шаардык сотуна апелляциялык сунуш жана даттануулар келтирилген.
 
Бишкек шаардук сотунун өкүмү менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөртүлүп, “К.С.” Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-бер. 2-б. 3,15-п.п. боюнча күнөөлүү деп табылып өмүр бою эркиндигинен ажыратылды.
 
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык, апелляциялык чечим токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter