У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муфтийлик кызматка сегиз талапкер ат салышат


 Муфтий болууга 8 талапкер камынып жатат. Бул тууралуу Аалымдар кеңеши фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
Маалыматта "Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан түзүлгөн Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы бүгүн каттоону жыйындыктады. Ага ылайык Аалымдар Кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна 8 талапкер ат салышса, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды.
      Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында  сынак өткөрмөкчү.
      Эске салсак 17-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна конкурс жарыяланган болчу. 
Кыргызстандын муфтийи болууга документ тапшырган аалым талапкерлердин тизмеси:
1. Нурбек Токтогулов 
2. Сайдамир Джейналиев
3. Султанали Гапуров 
4. Убайдулла Сарыбаев 
5. Шүкүр Исмаилов 
6. Шакир Маматов 
7. Нематилла Жээнбеков 
8. Ниязали Арипов"-деп жазылат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter