У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улукбек Марипов базар кыдырып: "Той-аштарга банан албай, алма, сабиз алгыла"

 
Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өтүп жаткан айыл чарба жарманкесин кыдырып, баалар менен таанышты.
Марипов шаар тургундары менен маектешип, алардын көйгөйлөрүн укту. Тургундар өкмөт башчыга тамак-аш продукцияларына болгон баалардын күн санап өсүшү тынчсыздандырып жатканын айтышты.

"Өсүмдүк майы жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жеке менин көзөмөлүмдө. Мындан сырткары эт азыктарынын баасын көзөмөлгө салуу боюнча да иштер аткарылып жатат. Бизде сатылып жаткан товарлардын 85 пайызы чет өлкөлөрдөн импорт болуп келет экен, биз бул көрсөткүчтү 50 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатабыз", - деди Марипов.
Мындан сырткары Марипов тургундарды ата мекендик өндүрүштөгү азыктарды көбүрөөк колдонууга чакырды.

"Өзүбүздөн өндүрүлгөн товарларды көбүрөөк колдонууга чакырам. Мисалы той-аштарда сөзсүз түрдө банан колдонобуз. Банан бизде таптакыр өспөйт. Ошондуктан алма, сабиз сыяктуу жашылча-жемиштерди колдонууга үндөп келем", - деди Марипов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter