У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Биометрикалык каттоодон өткөн эмес. Бишкектин 54 миң тургуну шайлоого катыша албайт


Биометрикалык каттоодон өтпөгөнү үчүн Бишкек шаарынын 53 911 тургуну шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда борбор калаада 1 053 915 жаран жашайт, алардын ичинен 416 749 адам шайлоочулардын тизмесине кирген.
"Жалпысынан өлкөдө 344 миң жаран биометрикалык каттоодон өтпөсө, Бишкекте бул көрсөткүч 53 911 адамды түзөт. Башкача айтканда, шайлоо укугуна ээ шаардыктардын 11,5 пайызы биометрикалык маалымат тапшырбагандыгына байланыштуу добуш бере албайт. Ошондой эле 7 799 жарандын 2017-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар, аларды каттоо дареги учурдагы паспорттогу маалыматтарга дал келбейт", — деп айтылат маалыматта.

Ушул тапта калаанын аймагында 228 шайлоо участкасы жана бир шайлоо округу түзүлгөндүгү айтылды. Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн 27 саясий партия арыз тапшырды. Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 2021ди түзсө, анын 828и аял киши. Алар 45 депутаттык мандат үчүн ат салышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter