У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дональд Трамп: "Кытай эртерээк эскерткенде вирусту Кытайдан чыгарбай токтотмокпуз"


АКШ Президенти Дональд Трамп коркунучтуу вирустун запкысынан дүйнө эли жабыркап жатканына Кытай бийлигин күнөөлөдү. Эгер Кытай вирустун канчалык кооптуу экенин эскертип, жаңыдан пайда болгондо маалыматты жашырбай так, даана айтканда мынчалык жайылмак эместигин брифинг учурунда билдирди.

"Дүйнө эли Кытайдын маалыматты кеч таратканы үчүн канчалаган чыгымга дуушар болууда. Эгерде вирустун кооптуулугун мындан эртерээк билгенибизде вирус чыккан жерден чыгарбай басмакпыз. Кытай басылмалары акыркы 3 күндөн бери COVID–19 вирусун жаңыдан жуктургандар катталбаганын жазып жатышат. Маалымат чындыкка дал келеби, келбейби айтыш кыйын", - дейт АКШ Президенти. Ошондой эле Кытайдын катачылыгынан дүйнө эли кыйынчылыкка дуушар болуп, экономикалык жактан болуп көрбөгөндөй зыян тартып жатканын баса белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter