У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Биздин акыркы үмүтүбүз Жапаров, Ташиев, Марипов". Бишкекте кайрадан митинг өтүүдө


Бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн алдында Аламүдүн районунун акими Марс Саккараевдин кызматтан кетишин талап кылган митинг өтүүдө.

Митингге чыккандардын айтымында, район акими жерлерди трансформациялап берем деп элден акча алып, убадасын аткарбай жатат. 

Митингге чыккандар колдоруна "Биздин акыркы үмүтүбүз Жапаров, Ташиев, Марипов", "Саккараевдин иштешине карапайым эл каршыбыз", "Жерлерибизди трансформациялоого жооп күтөбүз" деген плакаттарды көтөрүп турушат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter