У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Финполдун кызматкери 60 млрд. сомдук мыйзам бузууну жашыруу үчүн 180 млн. сом пара сурап кармалды

Коррупция фактысы боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Аталган башкармалыктын кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланышып, жарандар менен сүйлөшүп алышып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды Кыргыз өлкөсүнөн чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.
Ушул мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин Кыргыз өлкөсүнөн 59,5 миллиард сом сыртка ошол эле учурда салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын-ала зыян 500 миллион сомдон ашык болгон. Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter