У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Полковник Ниязбековдун өлүмүнө шектелип кармалган Карыпбек уулу Рысбек №1 СИЗОдон кайрылуу жолдоду


УКМКнын "Альфа" түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шектелип, Кой-Таш окуясы боюнча кармалган Рысбек Карыпбек уулу абактан Кыргызстандын акыйкатчысына, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчисине жана маалымат каражаттарына кайрылуу жолдоду. Кайрылууну Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 12-февралда таратты.

Урматтуу Нурдин Эсенбекович,
Урматтуу Токон Болотбекович,
Урматтуу журналисттер!

Мен, Карыпбек уулу Рысбек, КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын кызматкери Султаналиев Эмирлан тарабынан 2019-жылдын 10-августундагы Кой-Таш окуясында УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери У.Ниязбековду өлтүрдү деген шектелүү менен кармалганмын.
Ошол эле күнү Эмиркан Султаналиев ИИМдин имаратынын ичинде мени уруп-сабап, коркутуп өмүр баянымды сүйлөтүп, уюлдук телефонунун камерасына жаздырып алды.
2-3 күн өткөн соң ата-энем, бир туугандарым, УКМК кызматкерин өлтүргөн адам мен - Карыпбек уулу Рысбек экенимди «далилдеген», ИИМдин кызматкери Эмирлан Султаналиев тарткан видео интернетке тарап жатканын айтышты. Ал видео Facebook, Instagram жана Youtube баракчаларында таратылыптыр. Азыр да ошол видео Youtubeта «Спецназды өлтүргөн адам кармалды» деген тема менен илинип турат.
Тергөө беш ай өткөн соң УКМК «Альфа» атайын бөлүгүнүн жоокерин мен өлтүрбөгөнүмдү аныктады.
Урматтуу Кыргызстандагы адам укугун коргогон мырзалар!
Урматтуу журналистер!
ИИМдин кызматкери Султаналиев Эмирлан Зарылбекович мени видеого тартып, соттун чечими жок, адам өлтүргүч деп атап, күнөөсүздүк презумпциямды бузуп, коомчулукка таратууга укугу бар беле?
Эгер Султаналиев Эмирландын ушул иш-аракети, башкача айтканда, мени мыйзамсыз видеого тартып, жалган жалаа менен коомчулукка адам өлтүргүч катары көрсөткөнү мыйзамсыз болсо, анда буга укуктук баа берип, аталган кызматкерди мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартууга жардам берүүңүздөрдү суранам.

№1 СИЗО
Карыпбек уулу Рысбек
11.02.2020-жыл".


Ички иштер министрлиги да, Эмирлан Султаналиев да азырынча буга комментарий бере элек.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter