У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Ата районунун дайынсыз жоголгон тургунунун сөөгү Чоӊ Чүй каналынан табылды


 «Жоголгон Ысык-Ата районунун тургунунун табылган денеси боюнча, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү экспертизалар дайындалды»,- деп билдирди Чүй облустук ИИБ. 
 
Чолпон айылынын тургуну Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына 2021-жылдын 4-февралында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбеген күйөөсүн табууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.
 
Эркектин жүргөн жерин аныктоо үчүн, милиция кызматкерлери бир катар ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан суу сактагычтарды текшерүү үчүн суучулдарды тартуу боюнча кайрылуулар жөнөтүлгөн.
 
Натыйжада, ушул жылдын 18-февралында, Чоң Чүй каналындагы Ивановка айылынын аймагынан бир адамдын сөөгү табылып, ал издөөдө жүргөн 1972-жылы туулган Жумагулов Маратбек Саринжиевич болуп чыкты. Милиция кызматкерлери тарабынан сөөктү кароо учурунда денесинен жаракат табылган жок. Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо жана өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки процесстер уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter