У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Билл Гейтс коронавирус пандемиясын жеӊүүнүн сырын ачты


 Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавирус пандемиясын жеӊүүнүн жолун айтып берди. Ал бул тууралуу Мюнхендеги Коопсуздук конференциясында билдирди. 
 
Гейтс вируска каршы вакциналарды өндүрүү үчүн заводдорду курууга миллиарддаган долларларды салууга чакырды. Анын айтымында, дал ушул нерсе адамзатка мындан ары коронавирус илдети адамзатка коркунуч жарата албайт деп ишендирүүгө мүмкүндүк берет.
 
Ошондой эле ишкер мамлекеттер менен корпорациялардын ортосундагы кызматташтыктын зарылчылыгы жөнүндө айтты. Миллиардер жакынкы келечекте дүйнө жүзү боюнча вакциналарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга көңүл бурушу керек деп белгиледи.
 
Буга чейин Гейтс коронавирустук инфекциянын жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна байланыштуу вакцинанын үчүнчү дозасы талап кылынышы мүмкүн деп айткан. Ал коронавирустун жаӊы мутациясы АКШга жеткенге чейин дүйнөдө күчтүү вакцина пайда болот деди. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter