У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Автобус, троллейбустарда 11 сом, кичи автобустарда 15 сом. Мэрия айдоочулардын талабын карап чыкты


Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттун айдоочуларынын жол кире акысын жогорулатуу талабын карап чыкты. Ага ылайык, муниципалдык мекеме маселени чечүүнүн 3 жолу бар экенин билдирди.

Маалыматка карганда, маселени кароодо акыркы сегиз жылдагы инфляция, күйүүчү майга жана тетиктерге болгон баанын көтөрүлүшү эске алынган. Ошондой эле муниципалитетке караштуу коомдук транспорттун айдоочулары айлык акынын аздыгына нааразычылыгы күчөп баратканы дагы көңүл кош калтырылган жок.

Мэрия жүргүзгөн анализге карасак, учурда бир жүргүнчүнүн коомдук транспорттогу каттамы 13 сом 40 тыйынды (күйүүчү майдын сарпталышын, Социалдык фондго чегерүүлөрдү, техникалык кароону жана башкаларды эске алуу менен) түзөт. Буга байланыштуу мекеме 3 жолду карап чыкты.

Алар:
1) ушул бойдон калсын; 
2) автобустарда жана троллейбустарда жол акысы 11 сом, кичи автобустар үчүн 15 сом өлчөмүндө белгилөө;
3) автобустарда жана троллейбустарда жол кире 10 сомго, ал эми кичи автобустарда 13 сом деп көрсөтүү.

Мэрия №2 вариантты алгылыктуу жана ыкчам жүзөгө ашырылуучу деп эсептейт. Тактап айтканда, бааларды автобус, троллейбустарда 11 сом, кичи автобустарда 15 сом кылууга ыктап жатат.
Эске салсак, 18-19-январда борбор шаарыбыздагы кичи маршруттук унаалардын айдоочулары кол кире акысын 15 сомго көтөрүү талабын коюп, айрымдары жумушка чыкпай коюшкан.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter