У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз жазуучуларынын 4-китеби түрк тилине которулуп, жарык көрдү


Кыргыз жазуучуларынын китептерин түрк тилине которуп, жарыкка чыгарган «Бенгү» басма үйү жазуучу Өскөн Даникеевдин «Кыздын сыры» аттуу повести түрк тилине которуп, жарыкка чыгарды. 

Жазуучунун аталган китебин түрк тилине түркология бөлүмүнүн доктору, кыргыз жана казак адабияты боюнча доцент Самет Азап менен Ардахан университетинин түркология бөлүмүнүн доктаранты Эмрах Алтыок которгон. Китеп 2021-жылдын февраль айында 500 нускада жарык көрдү.

Аталган басма үйү тарабынан буга чейин Абдылдажан Акматалиевдин «Чыңгыз Айтматовдун күндөлүгү», Качкынбай Артыкбаевдин «XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы», Султан Раевдин «Жуманын бешинчи күнү» аттуу китептери түрк тилинде басылып чыккан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter