У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанга Россиядан мугалимдер келди. Алар түштүк регионуна кетишти


Россиянын Агартуу министрлигинин "Россиянын мугалими чет жерде" аттуу гуманитардык долбоорунун алкагында Ошко педагогдордун делегациясы учуп келди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

РФтин Оштогу башкы консулу долбоордун катышуучуларын тосуп алса, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Василий Алексеев мугалимдерге окуучулар менен биргелешкен иш-чараларга активдүү катышууну сунуштаган.

Аталган долбоор Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылдары старт алган. Анда Ошко орус тили жана адабияты, математика, башталгыч класстын 17 мугалими келген. 2020-2021-окуу жылында алардын саны 29га өскөн. Окуу жылынын башталышында педагогдор Оштун мектептерине бөлүштүрүлгөнү айтылды. Бирок карантинден улам сабактар онлайн форматында өткөн.Эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин педагогдордо түштүк аймакка келүү мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Кийинки жылы Россиядан келген мугалимдер Бишкек шаарына жана өлкөнүн түндүк аймактарына бөлүнө турганы кошумчаланды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter