У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эртеӊ Бишкекте коомдук транспорт каттамдары токтотулат




«22- мартта  Бишкекте коомдук транспорт каттамдары токтотулат. Борборубуздун жашоочулары  муну түшүнүү менен кабыл алууларын суранабыз»- дейт  мэриянын маалымат кызматы. 

Борбордогу коомдук транспорт каттамдарынын токтотулушу 22- мартта өлкөгө киригизилип жаткан өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу болушу мүмкүн. 

Өлкө аймагына коронавирусту жайылтпоонун  алдын алуу чаралары туурасында Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалы менен   болуп өткөн жыйында Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштады. 

Өзгөчө  кырдаалга байланыштуу  12- апрелде өтө турган  жергиликтүү кеңештерге шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат.
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter