У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандын жараны Санкт-Петербургдагы ооруканада медайымды бычактап салды


Санкт-Петербургдагы Александр ооруканасынын медайымын кыргызстандык мигрант бычактап салды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
 
Алардын айтымында, окуя кечээ Большевик проспектисинде болгон. Кылмышкер медайым болуп иштеген 58 жаштагы аялга бир нече жолу бычак сайып, сумкасын уурдап алган, анын ичинде уюлдук телефон жана 1500 рубль болгон. Жолдон өтүп бара жаткан адам медайымды бачактаган адамды кубалап, баштыкты жабырлануучуга кайтарып берген, баалуу буюмдар жоголгон эмес.
 
Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында, милиция кызматкерлери шектүүнү кармашты. Шектүү 2019-жылдан бери Россияда каттоосуз жүргөн 27 жаштагы кыргызстандык болуп чыкты. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жаткырылды. Шектүү абакка киргизилип, кылмыш иши козголгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter