У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош шаарына жакын жердеги көрүстөндө акыркы жумада 20га жакын бала жерге берилген. Ишкер Ахрор Иминов балдар арасында жайылып жаткан ооруга тынчсызданууда


Акыркы учурда балдар арасында пневмония оорусунун жайылып жатканы мени жөнөкөй жаран, ата катары тынчсыздандырууда. Бул тууралуу ишкер Ахрор Иминов «Фейсбук» баракчасына жазды.
 
«Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Артём Эдуардович Новиков балдардагы пневмония учурлары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Ал 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөө боюнча иш-чаралардын планы жоктугу үчүн тиешелүү органдардын ишин сынга алды. Бул абдан туура. Балдар арасында жайылып жаткан оору коомчулукту чоочута баштады.  
 
14-февралда үй-бүлөбүз менен Ош шаарына жакын жердеги көрүстөнгө барып, маркум атама куран окуп келдик. Көрүстөндүн кароолчусу мага акыркы мезгилде балдардын сөөгү көбүрөөк алынып келингенин айтты. Өлүмдүн себеби катары пневмония көрсөтүлөт. Акыркы жумада 20 балага жерге берилген.
 
Тез арада бардык ооруканаларды текшерип, алдын ала чара көрүшүбүз керек! Кылдат текшерүү керек!»,-деп жазат ал.


Жыл башынан бери Ош шаардык балдар ооруканасында пневмониядан каза болгон балдардын бир дагы учуру катталган эмес. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров Ош балдар ооруканасынын башкы дарыгери Бакай Акматовго шилтеме берүү менен билдирди.
 
«356 адамдын 98и пневмония (ковиддик эмес пневмония) менен ооруган. Акыркы 10 күндүн ичинде 14 жашка чейинки 56 балада пневмония болуп, өлүм катталган жок. Интернетте тараган маалымат чындыкка дал келбейт», - деди ал.



Ахрор Иминов сейчас с Артёмом Эдуардович Новиковым


Заявление громкое! Но я, как обычный гражданин и как обычный отец должен высказаться по этому поводу. Это меня теперь очень сильно беспокоит!
Сегодня первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Артём Эдуардович Новиков провел оперативное совещание по случаям заболевания детей пневмонией. Он подверг критике работу соответствующих органов по отсутствию плана мероприятий по медицинскому наблюдению детей в возрасте до 14 лет.
Вот и верно! Страх в обществе начинает набирать обороты. Нужны решения!
Теперь придём к самому интересному. 14-февраля мы с семьёй посетили кладбище вблизи Оша прочитать молитвы могиле моего покойного отца. Охранник кладбища сказал мне, что в последнее время начали всё больше и больше привозить тела детей. Как причина смерти указывается пневмония. В последнюю неделю до 20 детей! НУЖНО БИТЬ ТРЕВОГУ!
Нужно проверить срочно все больницы и заранее принять меры! Нужно провести тщательную проверку!




 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter