У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөндө мыкаачылык менен өлтүргөн 3 жашар наристенин өлүмүнө шектелип 9-класстын окуучусу кармалды


Ош облусунун Өзгөн районунда 3 жашар наристени мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, 3 жашар баланы айылдаш өспүрүм сөгүп койгону үчүн мыкаачылык менен өлтүргөн
 
Маалыматты Ош облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы тастыктап, 2021-жылдын 17-январында саат 14:30 чамасында Өзгөн районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө облустук ооруканадан чакыруу түшкөн. Орган кызматкерлери барганда дарыгерлер денесине оор жаракат менен түшкөн 3 жаштагы бала ооруканада чарчап калганын айтышкан. Чарчап калган Ш.Фны ооруканага Дөң-Булак айыл аймагынын Кара-Дарыя айылынын тургуну алып келген.
 
 
«Баланы белгисиз унаанын айдоочусу сүзүп кетип, кылмыш изин жашыруу үчүн наристени талаага таштап кеткен» -деген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып, бул факт Кылмыш жаза кодексинин 297-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталган.
 
Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2021-жылдын 17-январында саат 09:00 чамасында Кара-Дарыя айылынын тургуну 15 жаштагы М.А. өлтүрүү максатында 3 жаштагы баланы Ш.Ф. айылдын түндүк тарабында жайгашкан талаада ээрчитип барганы аныкталды. 
 
Ал наристени эч ким көрбөгөн дарактардын арасына алып кирип, муштуму менен бетине урганда бала эс-учун жоготуп жатып калган. Андан кийин жерден таш алып, башка чаап, өсүп турган камыштын арасына ыргытып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
 
Наристени өлтүрүүгө шектелген өспүрүм адвокаттын жана мыйзамдуу өкүлдүн катышуусунда суралды. Андан кийин ал кылмыш болгон жерди жана кылмыш кандайча жасалгандыгын көрсөтүп берген.
 
Ал кылмыш ишине баруусун 3 жаштагы баланын аны уят сөздөр менен сөгүнгөндүгү менен түшүндүргөн. Шектүү Өзгөн шаарындагы мектептердин биринде 9-класстын окуучусу. Ата-энеси бар, 3 бир туугандын улуусу. 
 
15-февралда сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 130-беренесине (киши өлтүрүү) менен квалификацияланып, кармалган өспүрүм Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter