У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москвада кыргыз келин эки жаш баласын ваннадагы суу жалгыз калтырып кеткен. Окуя трагедия менен аяктады


Москва облусунун прокуратурасы Подольск шаарында ваннадагы бир жашар баланын өлүмүнө байланыштуу тергөө ишин баштаганын РИа Новости жазып чыкты.
 
 Маалыматка ылайык, трагедия Кыргызстандын жаранынын үй-бүлөсүндө болгон. Эне 2019 жана 2020-жылы туулган эки уулун ваннага бир нече мүнөт жуунуу үчүн жалгыз калтырган. Кичүү баласы ваннадагы сууга тумчугуп каза болуп калган.
 
«Прокуратура болуп өткөн окуянын себептерин жана шарттарын аныктайт. Жашы жете электер жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына, кароосуздуктан жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ишине баа берилет. Ошондой эле балдарды тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткаруу үчүн ата-энелердин иш-аракеттери текшерүүгө алынат», - деп айтылат билдирүүдө.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter