У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү пара менен кармалды


 Бишкекте Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Кармоону Финансы полициясынын кызматкерлери Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүшкөн. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, Финполго А.К.дан арыз келип түшкөн. Ал өз арызында маселени оң чечүү үчүн пара талап кылган тергөөчүгө чара көрүүнү суранган.  
 
Кылмышка шектүү акчаны алып жатканучуруда кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал тергөө абагына эки айга камакка алынды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter