У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта көлмөгө чөгүп кеткен баласын куткарам деп сууга чөгүп каза болгон келиндин дагы бир кичинекей баласы болгон


14-февралда Таласта 2 жашар баласын куткарам деген апасы өзү дагы сууга чөгүп кеткен. Каргашалуу окуя Талас районуна караштуу Арал айылында болгон. “SUPER.KG” порталына аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Бактыбек Апышов окуя боюнча түшүндүрмө берген.
 
“Бул үй-бүлө сарайда мал багышат. Сарайдын жанындагы көлдө өздөрү балык чарбачылыгын жүргүзүшчү экен. Ошол көлгө эне менен бала чөгүп кетти. Бала кечкурун ал жакка ойноп барган окшойт. Анан сууга түшүп кеткен. Ал эми апасы кандайча баласын көрүп ал дагы сууга чөккөнү белгисиз. Же балким чогуу жүрүшкөнбү, билбейбиз.
 
Келиндин күйөөсү 1993-жылы туулган, каза болгон келин ушул Таластын эле кызы экен. Келиндин артында каза болгон баладан кичине дагы бир баласы калды. Бүгүн, 16-февралда маркумдардын сөөгүн жерге берип жатабыз”,- деп кошумчалаган Апышов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter