У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муфтият Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди каттай баштады


Уламалар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди каттоо башталды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттоо 17-мартка чейин жүрүп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши ушул жылдын 5-апрелинде курултай өткөрөт.

Талапкерлер Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын курамында же расмий дин кызматкери катары 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болуп, мамлекеттик органдар тарабынан соттолбогон, жогорку деңгээлдеги диний жана светтик билимге ээ болушу шарт.
Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жаңы устав боюнча 4 жылда бир чакырылып, Азирети Муфтий, Аалымдар Кеңеши жана Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагасы курултай делегаттары тарабынан ачык добуш менен бекитилет.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter