У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айжан Чыныбаева: «Мектептердин ачылышы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу болот»


 Бишкектин мектептеринде окууну улантуу үчүн бардык алгоритмдерди аягына чейин чыгаруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева пресс-кофеде билдирди.
 
«Биз ачууга даярбыз, бала бакчалар жана мектептер даяр. Бирок биз балдарды шахмат тартибинде бөлүштүрө албайбыз, аралыкты сактап, өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн алгоритм боюнча жүрө албайбыз. Биз министрлер кабинети менен иштеп жатабыз, аларды өзгөртүүгө болобу, маселе республикалык штабдын деңгээлинде көтөрүлдү», - деди ал.
 
Вице-мэр оорулар ар бир мектепте көзөмөлдөнүп турарын кошумчалады. «Ар бир мектептин өзүнчө COVID штабы бар, маалымат тез арада алынат. Баарынын ден-соолугу чың болушун каалайбыз. Азыр болсо ЖРВИнин сезондук өсүшү кошулду», - деди ал. 
 
Айжан Чыныбаева дагы бир жолу окутуунун жанданышы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу болорун баса белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter