У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош базарынын айланасында жайгашкан мейманканаларга түнкү рейд жүргүзүлдү


 
Ленин акимиаты сойкуканаларды уюштурууну токтотуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча ишти улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди
 
Маалыматка ылайык, Ленин акимиатынын адистери райондук ички иштер бөлүмүнүн жана кайгуул кызматкерлери менен биргеликте мейманканаларды текшерүү үчүн түнкү рейд өткөрүштү.
 
«Атайын топ мыйзам бузууларды аныкташкан жок», - деп белгилешти мэриядан.
 
Муниципалитет Кылмыш-жаза кодексинде сойкулук үчүн сойкуканаларды уюштуруу же тейлөө, же бузукулук үчүн сатып алуу, же сутенердик кылуу V категориядагы айып пул же I категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазалана тургандыгын эскертет. 
 
Январь айынын аягында Бишкек мэриясы Ош базарынын жанындагы сойкуканаларды жоюуга убада берген.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter