У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


COVID: эки адам каза таап, 43 жаран илдетке кабылды


Кыргызстанда коронавирустан эки адам көз жумса, 43 адамдан аталган инфекция табылды. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

"Учурда COVID-19 жугуп ооруканада жаткандардын ичинен 121 бейтап оор, 21 адам өтө оор абалда. Өткөн суткада Бишкектен бир, Чүй облусунан бир адам көз жумду", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Стационарда 425 бейтап жатса, амбулатордук дарыланууда 457 киши бар экендиги кабарланды.
Кечээ статистикага боюнча COVID-19 республика боюнча 43 адамдан табылса, 86 адам ооруну жеңип, айыгып кеткен.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек - 20
Ош - 1
Чүй облусу – 4
Ош облусу - 6
Нарын облусу - 4
Ысык-Көл облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 2
Баткен облусу - 2
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Бишкек – 40
Ош шаары – 4
Чүй облусу – 16
Ош облусу – 6
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 8
Ысык-Көл облусу – 7
Жалал-Абад облусу – 3


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter