У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түндө Ошто жана Баткенде жер титирөө катталды


Ошто күчү 4,5 баллга, ал эми Баткенде 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ КРдин Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Ага ылайык, 12-февраль күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 23:01де КРдин Сейсмология институту очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөнү катташкан.

Институттун алдын ала маалыматтары боюнча, жер силкинүүнүн очогу Тажикстанда жайгашкан.

Ушул эле жер титирөө Ош облусунда 4,5 балл, ал эми Баткенде 4 баллга чейин сезилген.

ӨКМ жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок экенин кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter