У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги мектептер ачылгандан бери алты мугалим, 13 окуучу коронвирус жуктуруп алган

 
Бишкектин мектептеринде билим берүү калыбына келтирилгенден кийин, алты мугалим коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билим берүү процессин жандандырууга байланыштуу ата-энелер менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, оорулуулардын бешөө мамлекеттик мектептерде, бирөө жеке менчик мектепте иштешет.
 
Айнагүл Рыскулбекова ошондой эле салттуу режимде окуган балдардын 13 учуру катталганын кошумчалады.
 
«Балдар коронавирус илдетин көбүнчө үйдөн, ооруп калган ата-энелеринен жуктуруп алышат. Бирок ата-энелер балдардарынын ооруп жаткандыгына карабастан мектепке жиберишет. Маселен, 5-февралда бир эне ооруп, үйүндө дарыланып, бирок баласын мектепке жиберген. 8-февралда абалы оорлошуп ооруканага жатып, анализ тапшырса коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ал эми 9-февралда баласы ооруп калды, андан кийин экинчи баласына вирус жуккан», - деди Айнагүл Рыскулбекова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter