У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Башка тепкилеген". Аялын сабаган жаран 30 миң айып төлөп, кылмыш ишин жапты


Бишкекте Ак-Ордо жаңы конушунда жубайын сабап, башына бир нече жолу тээп, колундагы 5 айлык баласына карабастан эч жакка чыгарбай зомбулук көрсөткөн жаранды Ленин райондук соту келип кол коюп туруу милдеттенмеси менен 30 миң сом өлчөмүндө айып салып, бошотуп жиберди. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Айыпталуучу С.Т. 1967-жылдын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Улуту кыргыз, Кыргыз жараны, билими орто, убактылуу иштебеген, мурда соттолбогон. Учурда Бишкек шаарынын, Ак-Ордо жаңы конушунда жашайт.
Ал 2020-жылдын 13-ноябрында болжол менен саат 11:00 чамасында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунун үйүнөн жубайына тынчтык бербей, ортодон пикир келишпестиктерден улам аны бетке чаап, жерге жыгылып калганда башына бир нече жолу тээп, сол колдорун көк-ала кылып, улам-улам тепкилеп, бетине бир нече жолу чапкылап, колундагы 5 айлык баласына карабастан, эч жака чыгарбастан, анын алсыздыгынан пайдаланып уруп-сабаган.

Күйөөсү күнөөсүн толук мойнуна алган:
"Мен 2020-жылдын 13-ноябрында саат 11:00 чамаларында аялым А.И. менен уруша кетип, пикир келишпестикен улам аны болгону колунан кармап түртүп койгом. Зомбулук деле көрсөткөн эмесмин", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter