У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Өлтүрүп, сөөгүн кудукка салган". Орусияда киши өлтүрдү делип кыргыз жараны кармалды


Орусиянын Башкирия аймагында адам өлтүрүүгө шектелип, Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 53 жаштагы Любовь аттуу аял аталган шаарда өзүнүн кийим саткан дүкөнүн иштетчү. Ал 2020-жылдын жай мезгилинен бери дайынсыз болуп, изделип жаткан.

"Кийин полиция кызматкери аталган кылмышка шектүүнүн изине түшүп, аны кармашкан. Ал К.С. аттуу Кыргыз жараны экендиги аныкталган. Ал жеке ишке менен чогуу товар менен иштешип жүргөн. Тергөө иштеринин натыйжасында кырсык болгон күнү алардын ортосунда пикир келишпестиктер болгону белгилүү болгон. Ишкер аял товардын сапатына канааттанбай, анын баасына келише алышкан эмес. Уруштун айынан аталган Кыргыз жараны аялды думуктуруп өлтүрүп, сөөгүн кудукка жашырып койгон. Андан соң айыпталуучу Уфа аймагына качып кеткен. Ал сот отурумунда күнөөсүн моюнга алып, үй камагына чыгаруусун өтүндү", - деп жазылат маалыматта. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter