У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн Ошто, Ысык-Көлдө жер титирөө катталды


Бүгүн, 11-февраль күнү саат 03:25 чамасында Ош облусунда очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын күчү Алай районунун Эркештам, Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин жетти. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошондой эле 11-февралда саат 07:57де Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Кажы-Саз айылынан 11 километр түштүк, Кажы-Сай айылынан 18 километр түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Кажы-Саз, Кажы-Сай айылдарында 2 жарым баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter