У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кеминде күйөөсүн өлтүргөн аял милицияга өзү келди

Кемин районунун Ички иштер бөлүмүнө күйөөсүн балка менен чаап өлтүргөн 45 жаштагы аял кайрылган. Ал күйөөсүн өлтүргөнүн мойнуна алган. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Алдын ала маалымат боюнча, адам өлтүрүү фактысы 9-февралдан 10-февралга караган түнү Кеминде болгон.
 
Жубайлар каргашалуу окуя болгон күнү конокко барышкан.  Үйгө келгенден кийин алардын ортосунда чыр чыгып, аял балка менен күйөөсүнүн башына бир нече жолу чаап салган. Жолдошу алган жаракаттан улам ошол жерде көз жумган. Андан кийин аял өз күнөөсүн мойнуна алып, милицияга өзү келген. Маркум 53 жашта болгон. 
 
Киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter