У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөндө жолдошу менен уруша кеткен келин өзүнө-өзү бычак сайды


Ош облусунун Өзгөн районунда өзүнө-өзү бычак сайган келиндин иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү болжол менен саат 02:30 чамасында Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын тургундары 29 жаштагы келин жолдошу менен өз ара пикир келишпестен уруша кетишкен. Анда келин өзүн-өзү ашкана бычагы менен ичине сайып жиберген. Натыйжада ал денесинен алган жараатынан улам Өзгөн аймактык ооруканасына медициналык жардамга кайрылган.

"Бул факты Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө келин өзүнө-өзү бычак сайганын айткан. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter