У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз өкмөтү беш жылда 7 500гө жакын үй-бүлөнү үй менен камсыздоону пландап жатат


Кыргыз өкмөтү 2026-жылга чейин 7 500дөн кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 чарчы метрден кем эмес турак жай сатып алууну жана курууну каржылоо каралууда. Бул туурасында өкмөттөн маалымдашты.

Билдирүүдө "Менин үйүм — 2021-2026" деп аталган программанын концепциясы талкууланып, анын концепциясынын долбоорун жактыруу чечими кабыл алынганы айтылат. Аталган программа Экономика министрлиги жана Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте иштелип чыккан.

"Программа аркылуу 2021-2026-жылдары 7 500дөн кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 чарчы метрден кем эмес турак жай сатып алып, курууну каржылоо, жалпы суммасы 5 миллиард сомдон кем эмес инвестиция тартуу каралган. Андан сырткары, 1 миллиард сомдон кем эмес суммадагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Жыйында премьер-министр Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар, донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter