У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жарандык никедеги күйөөсүнө бычак сайып өлтүргөн аял кармалды

Кара-Балта шаарында мурунку жарандык никедеги күйөөсүнүн өлүмүнө шектүү деген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, милицияга эркек кишинин сөөгү табылды деген билдирүү түшкөн. Билдирүүнүн негизинде барган милиция кызматкерлери киши колдуу болуп каза тапкан эркек кишинин сөөгүн табышкан. Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталган.
 
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү 47 жаштагы И.А. Москва районунун аймагынан кармалган.Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, аял мурдагы жарандык никеде жашаган күйөөсү менен уруша кетип, ага нече жолу бычак сайып, кылмыш болгон жерден изин жашырып кеткен. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 
 
Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter