У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Балалуу боло албай жатканын айтып кайгырган". Алайда 25 жаштагы келин асынып алды


Оштун Алай районунун Гүлчө айылында 25 жаштагы келин өз үйүндө асынып алды. Бул тууралуу 8-февралда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери маалымат булактарына кабарлады.

Окуя 7-февралда, саат 10:30 чамасында жүз берген. Баштапкы маалымат боюнча келин асынып алганы белгилүү болду. Маркум Гүлчө айылындагы Муса Адышев орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенчү. Күйөөсү болсо милиция кызматкери. Маалыматка караганда, келин эки-үч күн мурун кесиптештерине балалуу боло албай жатканын айтып кайгырган.

«Гүлчөнүн 25 жаштагы тургуну үйүнүн короосунда өзүн-өзү аркан жипке асып каза болгон. Бул боюнча милиция кызматкерлери менен бирге Алай райондук оорукананын соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери окуя болгон жерге барып кароо жүргүздү. Азыркы кезде аял эмне себептен өз өмүрүнө кол салганы такталып жатат. Бир жума мурда күйөөсү Чоң-Алайга иш сапары менен кеткен экен.  Балким телефондо жаман сөздөр айтылып, урушканбы деген да божомолдор бар. Аны  да текшерип атабыз. Эгер далилдене турган болсо, жолдошу жоопко тартылат», -дейт Аширбаев.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда суициддин себептери аныкталып жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter