У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алдыдагы 3 күн суук болот. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты


8-10-февралга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бүгүн күндүз жана 9-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаандын катуу жаашы божомолдонууда.

9-февралда жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлүп жатат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөшү ыктымал.Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындата турганын ӨКМ эскертти.
Жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн экени айтылды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter