У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улукбек Марипов: "Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча сөзүмдү кээ бир күчтөр туура эмес жакка буруп жатышат"


Премьер-министр Улукбек Марипов Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча түшүндүрмө берүү максатында социалдык тармактагы өкмөттүн баракчасына билдирүү жасады.

"Акыркы күндөрү маалымат каражаттарында социалдык тармакта көтөрүлүп жаткан Баткен облусундагы маселе боюнча кыскача токтолуп кетейин. Мен анда өкмөт башчыга талапкер, Кыргыз өлкөсүнүн патриоту катары бир маселени айтып коюу ниетим болгон. Муну ошол жерде жашагандар абдан жакшы түшүнүп турат. Бул жерде сөз Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы Кайырма каналы, суукампадан 500-600 метр жогору турган, кошуна өлкөгө тиешелүү канал, андан сырткары Ак-Суу каналы жөнүндө сөз болгон. Кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурганга аракет кылышы мүмкүн. Мен муну толук түшүнөм. Менин оюмча, биз ушул маселени келечекте өлкөнүн кызыкчылыгына чечиле тургандай мыйзамдуу жол менен карашыбыз керек", - деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу маселе көтөргөн. Ал премьер-министр Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн курамы каралып жатканда каналдын башы өтүп кеткенин айтканын белгилеген.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter